Connect with us

Бүгүнкү күндө кыргыз аялдарынын коомдогу орду кандай бааланат?

Коом | 7 Мар 2022 | 1210 | 0

Кыргызстанда өзүн ар тармакта өнүктүрүп келе жаткан аялдардын саны жыл санап өсүүдө. Бүгүнкү күндө саясат, экономика, бизнес, билим берүү, маданият жана башка чөйрөдө өз ордун тапкан кыргыз аялдары көп. Мындан тышкары аялдар эне жана жар катары да өз милдеттерин мыкты деңгээлде аткарып келишет. Учурда кыргыз аялдарынын коомдогу орду кандай бааланат жана алар көбүнчө кандай көйгөйлөргө туш болот? 

Акыркы жылдары ишкерлик менен алектенген аялдардын саны кыйла арбыды. Буга байланыштуу өлкөдө ишкер айымдардын ишин илгерилетүү максатында көптөгөн бизнес-форумдар, жолугушуулар өткөрүлүүдө.

Бир ай мурун ишкер аялдардын «BOSS WOMEN» эл аралык бизнес-форуму өттү. Иш-чаранын максаты ийгиликтүү ишкерлерден тажрыйба үйрөнүү, аялдардын бизнестеги ордун аныктап, өнүгүүсүнө салым кошуу, ишкерлердин катарын көбөйтүү, ошондой эле башка өлкөлөр менен байланыш куруусуна шарт түзүү болуп саналат. Ага 500дөн ашык ишкер айым катышкан.

«Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева коронавирус пандемиясы учурунда аялдардын кылган эрдиктерин белгилеп, азыр алардын коомдогу орду кандай бааланарын «Маралга» айтып берди.

«Аялдардын бүгүнкү күндөгү абалын даңазалай турган мезгил келет. Алардын кандай баатыр экени тууралуу да тарыхта көп эмгек жазылат. Кыргызстанды мамлекет кылып, жакырчылыкка чөктүрбөй, ушул деңгээлде кармап келе жаткандардын көп эмгеги — аялдардыкы. Коронавирус пандемиясында өзүңүздөр көрдүңүздөр: бардык система шал болуп иштебей калганда да, аялдар иштеп жатты. Үйүндө балдарды чогултуп алып, окутуп жатышты. Врачтардын көбү аялдар экен. Медайымдардын 100%ы айымдар экен. Кыргызстанда өтө чоң компаниялар, заводдор жок. Аялдардын эмгегинен турган чакан ишканалар көп. Мисалы, сулуулук салондору, тамак-аш саткан жайлар, тигүү цехтери ж.б.»

Кыргыздар байыртан эле эненин ордун жогору баалап, аларды аздектеп келген. Анткен менен кийинки жылдары аялдар өздөрүн күчтүү сезип, эркектердин камкордугуна муктаж эмес экенин көрсөткөн сайын коомдо аялдар эне жана жар катары гана милдетин аткарышы керек деген көз караштар көбөйүп барат.

Аялдарды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргоо боюнча бир катар коомдук уюмдар иш алып барат.

Алардын бири БУУнун Аялдар түзүмүнүн координатору Анара Айткурманова Кыргызстандагы айымдар көбүнчө кандай көйгөйлөргө туш болуп жатканын айтты.

«Айымдардын эң чоң көйгөйлөрүнүн бири: аларга карата зордук-зомбулук. Негизинен кыздарыбыз кичинекей кезинен эле басмырлоого кабылып, тандоолоруна кандайдыр бир чектөө киргизилиши кийин турмушуна да кесепетин тийгизүүдө. Аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча жакшы шарттар түзүлгөн эмес. Буга карабастан аялдар бул тармакта талыкпай эмгектенип, чоң аракет жумшап жатышат. Бул да болсо, аялдардын күчтүүлүгү. Дагы бир көйгөй: аялдардын саясаттагы ордунун азайышы. Азыркы күндө Министрлер кабинетин карасаңыздар, жогорку кызматта айымдар жокко эсе».

Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимованын айтымында, аял негизинен коомдогу өзүнүн ордун билиши зарыл. Билимдүү аял – бул келечектеги билимдүү жарандардын тарбиячысы.

«Азыр аялдардын коомдогу орду чоң. Кыргызстандын тарыхында кандай гана кыйынчылык болбосун, аялдардын жардамы менен мырзаларыбыз ийгиликтерге жетишип келген. Негизгиси, өсүп келе жаткан муунду туура жолго салып тарбиялай турган — бул аялдар. Билимдүү аял – келечектеги билимдүү жарандар. Аял өзүнүн коомдогу ордун сезиши керек. Ошого жараша жүрүм-турумун, адеп-ахлагын, билимин түздөөсү зарыл».

Мындан бир канча жыл мурун Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форум жүргүзгөн гендердик теңчилик боюнча баяндамада Кыргызстанда бул жаатта абал начарлаганы белгилүү болгон. 147 өлкөдө жүргүзүлгөн сурамжылоодо Кыргызстан гендердик теңчилик боюнча 67-орунду ээлеген.

Статистикалык маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда калктын 53 пайызын аялдар түзөт. Жалпысынан өлкөдө 3 млн 342 миң 669 аял бар.

Copyright © 2017 Maral FM