Быйылкы жылдын январында салык органдарында 8 миң 139 жаңы салык төлөөчү катталган. Бул тууралуу Салык кызматынын басма өз кызматы билдирди.
Анын ичинде 1464 юридикалык жак жана 6675 жеке ишкер бар.
1-февралга карата салык органдарында 710 миң 412 салык төлөөчү каттоодо турат. Анын ичинен 133 миң 544ү юридикалык жак, 334 миң 914ү жеке ишкер, 241 миң 954ү дыйкан жана фермер.