Украиналык качкындардын саны бир жумада миллионго жеткенин БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссары Филиппо Гранди «Твиттердеги» баракчасына жазды.
«Жети күндүн ичинде биз Украинадан миллион качкындын коңшу өлкөлөргө кеткенине күбө болдук», — деди Гранди.
Орусия 24-февраль, бейшемби күнү эртең менен Украинада аскердик операциясын баштаганын билдирген. Президент Владимир Путин анын максатын «сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан зордук-зомбулукка жана геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо» деп атаган.