Мыйзамсыз аракеттерге жол берген Кызыл-Жардагы психиатриялык оорукананын жетекчиси кызматтан алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар шаарчасындагы психиатриялык оорукананы текшерген.
Андан оорукананын жетекчиси Г.М. киши өлтүрүүгө айыпталып жаткан эч кандай оорунун белгилери жок адамга соттук-психиатриялык экспертиза өткөрүп, жыйынтыгында сотко «психикалык жактан жабыркаган» деген диагноз чыгарып бергени маалым болгон.
Айтылган маселе боюнча Башкы прокуратура иш козгоп, Саламаттыкты сактоо министрлигине атайын өтүнүч келтирди. Анын негизинде министр оорукана жетекчисин кызматтан алды.