Токой чарба мамлекеттик агенттигине республикалык бюджеттен 97,4 миллион сом каралды. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бөлүнгөн акчанын эсебинен 1130 гектар аянтка 13,1 млн токой өсүмдүктөрүн айдоо-себүү, отургузуу, өткөн жылы тигилген көчөттөрдү кароо, корукту жакшыртуу сыяктуу иштер жасалат.
Ошондой эле бак-даракты сугаруу, патологиялык изилдөө, питомниктерди химиялык тазалоо иштери жүргүзүлөт.