Шаардан жапырт чыгып кетүү үчүн аракет кылып жаткан Киев тургундарынын видеолору Телеграм-каналдарга жарыяланды.
Андан көрүнүп тургандай, станция элге толуп, вагондор «шыкалып» калган.
Учурда поездге атайын билет менен түшүү кыйын болуп жаткан чагы.
Эске салсак, Орусия 24-февралда Украинага басып кирген. Алты күндөн бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоону жана бомбалоону улантууда.