Connect with us

Канада Орусиядан мунай сатып алууну токтотот

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Мар 2022 | 284 | 0

Премьер-министр Жастин Трюдо журналисттерге берген маалымат жыйында Канада Орусиядан мунай сатып алууну токтоторун жарыялады. Бул тууралуу ВВС маалымат кызматы жазды.

«Бүгүн биз Орусиядан чийки мунай сатып алуудан баш тартканыбызды жарыялайбыз. Бул тармак президент Владимир Путин менен орус олигархтарына оңбогондой пайда алып келди», — деди Жастин Трюдо.

Андан тышкары Орусия Канадага чийки мунайды аз өлчөмдө эле жөнөтөрүн, анткен менен бул «токтотуу» аларга «күчтүү коңгуроо» болорун белгиледи.

Орусия басылмалары жазган маалыматка караганда, Канада сатып алган Орусиянын чийки мунайы 1%ды гана түзөт. Маселен, 2021-жылы 289 миллион долларга (170 миллион фунт) гана импорттогон.

Канада мунай өндүрүү боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда турат. Андыктан ал башка мамлекеттердин бул товарына дээрлик муктаж эмес.

Ал эми Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр Орусиянын мунайына көбүрөөк көз каранды. Себеби алар мунайдын төрттөн бирин, табигый газдын 40%ын Орусиядан алат.

Дүйшөмбү күнү Батыш мамлекеттери дүйнөдөгү эң ири мунай өндүрүүчүлөрдүн бири болгон Орусияга жаңы санкцияларды киргизгенден кийин Brent мунайынын баасы 4,6% кымбаттап, баррелине 102 долларды түздү.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM