Жогорку Кеңештин «Альянс» фракциясынан бошогон депутаттык орун Эмил Жамгырчиевге берилди. Ага төш белги менен күбөлүктү Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 26-февралда тапшырды.
Айта кетсек, Жогорку Кеңештин «Альянс» фракциясынан депутат Алтынбек Сулайманов өлкө башчысы Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп дайындалган.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга ылайык, фракциялардан бошогон орун добуштарынын саны боюнча кийинки орунда турган талапкерге берилет.