Марал Радиосу

Алтынбек Сулаймановдун ордуна Эмил Жамгырчиев депутат болду

 Жогорку Кеңештин «Альянс» фракциясынан бошогон депутаттык орун Эмил Жамгырчиевге берилди. Ага төш белги менен күбөлүктү Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 26-февралда тапшырды.

Айта кетсек, Жогорку Кеңештин «Альянс» фракциясынан депутат Алтынбек Сулайманов өлкө башчысы Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп дайындалган.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга ылайык, фракциялардан бошогон орун добуштарынын саны боюнча кийинки орунда турган талапкерге берилет.

Exit mobile version