Connect with us

Руслан Акматбек: Сөз эркиндиги боюнча бийлик унчукпай гана карап турат

Кыска кабар | 11 Фев 2022 | 449 | 0

Коомдо болуп жаткан, өзгөчө массалык маалымат каражаттарына болгон басымга бийлик үн катпай жатат. Мындай пикирин жарандык активист Руслан Акматбек «Маралга» берген маегинде билдирди.

Акыркы учурда сөз эркиндигине болгон чектөө жана массалык маалымат каражаттарына, журналисттерге болгон кысым күч алып бара жатат. «Кактус медианын» чек ара кызматы тууралуу маалыматы боюнча прокуратура кылмыш ишин козгогон. Мындай көрүнүштөр коомдо эркин медиага басым деп бааланууда.

«Болуп жаткан окуялар боюнча маселе мыйзамдын бар же жоктугунда эмес, ошол мыйзамдын колдонулганында болуп жатат. Ал эми буга чейин канча деген журналисттерге, жарандык активисттерге коркутуулар болуп келди. Буга бийлик бир да реакция кылган жок. Муну менен мыйзамдардын «кош стандарт» катары өзүнүн кызыкчылыгына карап колдонулганында болуп жатат. Бул нерсени коом жакшы эле түшүнүп турат, ошол үчүн «Кактус медианы» колдобой койду. Бул аябай чоң тобокелчилик болуп эсептелет. Ошондой эле эң чоң тобокелчилик — бийликтин унчукпаганы, калыс сөзүн айтпай жатат. Мисалы, канча күндөн бери НПОго чалуулар болуп жатат, өзүбүздүн эле жарандарыбызды «чет элдик тыңчы» деп жарыялоо керектигин айтып жатышат. Бирок бийлик алар менен иш алып барат. Бийлик унчукпай гана карап турат, айрымдары кокус эртең «Кактус медиа» сыяктуу маалымат каражаттары жабылып калса, бийликти сындабай, калган медиалар коркуп калат деп ойлоп жатышат», — дейт жарандык активист.

Эске салсак, 9-февралда «Кактус медиа» агенттигинин алдында акция болуп өткөн. Чогулгандар Тажикстандын маалымат каражатынан алынган жаңылыкты өзгөртүүсүз жарыялаганы үчүн жоопко тартууну суранышкан. Медиаполис институту көз карандысыз маалымат каражаттарына ушундай болуп жаткан мамилеге тынсыздануу билдирип, бийликке кайрылган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM