Connect with us

Бишкек шаарынын жол, транспорт тармагын тейлеген вице-мэри алмашты

Кыска кабар | 4 Фев 2022 | 260 | 0

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койгон буйруктун негизинде Нурлан Шаршеналиев вице-мэр кызматына дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз  кызматы билдирди.

Нурлан Шаршеналиев борбордун жол, транспорт, курулуш, тышкы жарнак сыяктуу тармактарын көзөмөлгө алат.

Бул кызматты ага чейин аркалап келген Таалайбек Орозов мэрдин дагы бир буйругу менен «Бишкек суу чарба» ишканасына жетекчи болуп бекитилди.

Нурлан Шаршеналиев 1985-жылы Кемин районунда туулган. Экономикалык жана юридикалык эки жогорку билими бар.

Эмгек жолун Бишкек шаарынын Октябрь райондук администрациясынын каржы бөлүмүндө иштөө менен баштаган. Андан тышкары Бишкек мэриясынын эки бөлүмүндө иштеген.

Кемин районунда акимдин орун басары, андан соң акими кызматтарын да аркалаган. Президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик жетекчилерди алмаштырып иштетүү (ротация) жарлыгынын негизинде 2021-жылдын май айында Ноокен районунун акими болуп дайындалып, ошол эле жылдын сентябрь айында энергетика жана өнөр жай министринин орун басары кызматына бекитилген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM