Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору «Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы» болуп кайра түзүлөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Бүгүн министр Алымкадыр Бейшеналиев медициналык борбордо болуп, анда иштегендер менен жолугуп, атын өзгөртүү боюнча тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын айтты.
Маалыматка ылайык, кайра уюштурууга борбордун түптөөчүлөрүнүн үч тараптуу келишиминин негизинде (Бишкек мэриясы, Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын жана Саламаттык сактоо министрлигинин) иштеп жатканы себеп болгону айтылат.
Министрлик пандемия жогорку чегине жетип, ооругандар көп болуп жаткан учурда бейтаптарды жаткыруу үчүн койкалар аз болгонун да эске салган. Мындан сырткары түшүнүксүз абал жаралып калган учурларда бейтаптарды ооруканага жаткыруу үчүн диагнозду так ажырата билип, тиешелүү стационарга жаткыруу зарылдыгы белгиленген.
«Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборун элди сапаттуу медициналык тейлөө менен камсыздоо, медициналык тез жардамды күнү-түнү көрсөтүү үчүн клиникалык тез жардам ооруканасына айландыруу максаттуу болот», — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы шаар тургундарына ооруп кайрылган учурда ыкчам, күнү-түнү кабыл алган адистештирилген медициналык жай болору айтылды.