«Газпром Кыргызстан» ишканасы Кыргызстанда биринчилерден болуп ISO 45001:2018 стандартына ылайык сертификат алды.
Сертификат ишканадагы коопсуздуктун деңгээлин бир кыйла жогорулатууга жардам берип, «компаниянын кызматкерлеринин жана конокторунун өмүрүнө жана ден соолугуна эч кандай коркунуч туудурбайт» деген кепилдик болуп саналат.
«Күн сайын миңдеген адамдар жумушунда ар кандай кырсыкка кабылат, же өлүмгө алып келген ооруларга чалдыгат. Келечекте булардын алдын алуу керек. ISO 45001 ушул максатка жетүү үчүн иштелип чыккан», — дейт жумушчу топтун төрагасы Кристиан Глезел менен катчысы Чарльз Корри.
ISO 45001:2018 коопсуздук боюнча жаңы дүйнөлүк стандарт болуп саналат. Ал 2018-жылы Эл аралык стандартташтыруу уюму тарабынан иштелип чыккан.