Connect with us

Чек ара чатагында Баткендин тарткан чыгымы 3 миллион сомго бааланууда

Кыска кабар | 31 Янв 2022 | 367 | 0

27-январда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылыштан тарткан материалдык чыгым 3 миллион сомго бааланууда. Бул тууралуу 24 kg маалыматтык агенттиги жазды.

Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаевдин айтымында, эки бастырма жана бир унаа күйүп, 10 үй жабыркаган. Ошондой эле үй жандыктарынын өлгөн учурлары да бар.

Эвакуацияланган жарандардын көбү үйлөрүнө келгени такталды. Таш-Тумшук жана Көк-Таш айылдарынын айрым тургундары кайта элек, балалуу аялдар кошуна айылдардагы туугандарыныкында жашап жатышат. Арасында ооруканада жаткандары да бар экени белгилүү болду.

Эске салсак, 27-январда саат 17:00дөн 18:30га чейин Тажикстандын жарандары Баткен районундагы Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө тилкесин бууп салышкан. Аймакка Чек ара кызматынын Баткен облустук башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев, Баткен чек ара отрядынын командири Рустам Миршакиров барып сүйлөшүү жүргүзгөн. Андан соң саат 19:30да Төрт-Көчө жолу кайрадан ачылган.

Бирок саат 19:35 чамасында Баткен районунун Үч-Дөбө аймагынан тажик тарап ок чыгарып, кырдаал курчуп кеткен. Төрт-Көчө, Үч-Дөбө аймактарында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары атышып, тажиктер миномёт, гранатомёт колдонушкан.

Кайра-кайра сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында атышуу 28-январь түнкү саат 2:00дө токтогон. Эртеси Кыргызстан УКМКсынын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенге барып, тажик тараптын бир катар жетекчилери менен жолугушуу өткөргөн.

Чатакта тажиктер аткан октон алты айыл жарыксыз калганы, Кыргызстандын 13 жоокери жаракат алып ооруканага түшкөнү, бир жарандын үйү, бир чек ара тозоту өрттөнгөнү расмий кабарланган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM