Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Авария Кыргызстандын аймагында болгон жок

Кыска кабар | 25 Янв 2022 | 728 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда электр жарыгы жапырт өчкөнүнө байланыштуу брифинг өткөрдү.

Анда ал энергосистемадагы кырсык Кыргызстандын аймагында болбогонун билдирди. Бирок система параллелдүү иштеп жаткандыктан өчүрүү болгону сезилди. Акылбек Жапаров айткандай, азырынча авария эмнеден болгону белгисиз.

Учурда үч өлкөнүн өтүнүчү боюнча кырсыктын кайдан чыкканын аныктоо үчүн комиссия түзүлдү. 

25-январда Кыргызстандын аймактарында электр энергиясы жапырт өчтү. Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы электр жарыгы Борбор Азия боюнча өчкөнүн кабарлап, Кыргызстан Борбор Азиядагы бирдиктүү энергетикалык шакекчеден чыгып, өз алдынча жарыкты калыбына келтире турганын билдирген. Учурда бардык аймактарда жарык бериле баштады.

Copyright © 2017 Maral FM