Бишкек шаарынын Ауэзов-Лев Тольстой көчөлөрүнүн кесилишинен поезд бир адамды сүзүп кетти. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Поезд сүзгөн адам ошол жерден жан берген.
Учурда кырсыктын чоо-жайы иликтенип жатат.