Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандыктар айдоочулук күбөлүгүн чет өлкөдөн да алмаштырса болот

Кыска кабар | 12 Янв 2022 | 328 | 1

Чет жерде жүргөн мекендештер айдоочулук күбөлүгүн мындан ары өзү жашаган аймактагы Кыргызстандын консулдуктарынан, элчиликтеринен эле алмаштырып алууга болот. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Бул мүмкүнчүлүк 17 январдан тарта ишке ашат. Айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу төмөнкү негизде жүргүзүлөт:

  • айдоочулук күбөлүгүнүн мөөнөтү бүтсө;
  • күбөлүктүн ээси жеке маалыматтарын өзгөртсө;
  • күбөлүк эскирип кетсе же бузулуп калса;
  • күбөлүктү жоготуп алса.

Буга чейин айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу Кыргызстанда гана жүргүзүлүп келген.

Белгилей кетсек, Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында чет өлкөдөгү Кыргызстандын бардык өкүлчүлүктөрүндө «Айдоочулардын реестри» автоматташтырылган маалыматтык системасы (АИС) орнотулган. Бул консулдуктун кызматкерлерине айдоочулук күбөлүк үчүн керектүү документтерди электрондук түрдө кабыл алууга да шарт түзөт.

1 пикир

1 пикир

  1. Нурбек

    12.01.2022 11:09

    Сонун жаңылык. Бирок консулдук мекемелерди каттуу көзөлдөө абзел, себеби акча сатуу коркунучу пайда болот.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM