Connect with us

Тогуз күндүк эс алуунун орду ишемби күндөр менен толукталат

Кыска кабар | 10 Янв 2022 | 1046 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров январь айындагы эс алуу күндөрүн ишемби күндөргө которгон буйрукка кол койду. Бул тууралуу айтылган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Буйрукка ылайык, беш күндүк график менен иштеген мамлекеттик жана мунципалдык мекемелердин кызматкерлери 4-5-6-январды ишемби күндөрдө иштеп беришет.

Тагыраагы, 4-январдагы иш күн 15-январга, 5-январдагы иш күн 26-февралга, 6-январдагы иш күн 26-мартка которулду.

Айта кетсек, Министрлер кабинетинин жаңы жыл алдындагы чечими менен өлкөдө тогуз күндүк эс алуу жарыяланган.

Жаңырган жылда тогуз күн катары менен эс алуу болот

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM