Биз менен байланышыңыз

Викрам Рузахунов боюнча Камчыбек Ташиев үн катты

Кыска кабар | 9 Янв 2022 | 452 | 0

Казакстандын Бишкектеги элчилигинин алдына бир нече адамдар музыкант Викрам Рузахуновдун Алматыда кармалганы боюнча нааразычылык акциясын өткөрүүдө. Алар чогулган жерге УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев барып, маалымат берди. Ал Кыргызстандан бир дагы террорист өтпөгөнүн билдирди.

«Казакстандын мамлекеттик телеканалдарынын Кыргызстандын жарандарын көрсөтүшү биздин намысыбызга тийип жатат. Коңшу өлкөгө бизден эч кандай террорист өткөн эмес. Мен жооптуу түрдө айта алам, Викрам террорист эмес. Анан биздин жарандарды террорист катары көрсөткөнү туура эмес. Казакстандын атайын кызматы иликтөөнүн риторикасын өзгөртпөсө болбойт«, — деди Ташиев.

Камчыбек Ташиев ошондой эле ар бир кыргызстандыктын укугун коргой турганын кошумчалады.

Ал эми Кыргызстандын ИИМи билдирүү таратып, аталган жаран музыкант Викрам Рузахунов экенин жана Алматыга концерттик программа өткөргөнү барганын маалымады.

Ошондой эле «Биз кармалган жарандардын жакындарын сабырдуулукка, өз ара түшүнүшүүгө жана алардын жакындарына, казак боордошторубузга дуба кылууга, Казакстанда туулуп өскөн кыргыз мекендештерибизди тынчтыктын жана мыйзамдуулуктун тез арада калыбына келиши үчүн дуба кылууларына чакырабыз.» — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Казакстандын «Qazaqstan» мамлекеттик телеканалы бүгүн, 9-январда, митингдерге катышуу үчүн Кыргызстандан барды делген жарандын сурак берип жаткан видеосун жарыялады. Ал берген көрсөтмөсүндө белгисиз адамдар митингдерге катышуу үчүн 90 миң теңге сунуштап чакырып, самолетко билетин алып берип, батирге жайгаштырганын билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM