Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Музыкант Рузахунов Алматыга концерт коюу үчүн чакырылган

Кыска кабар | 9 Янв 2022 | 1193 | 0

Казакстандын жалпыга маалымдоо каражаттары митингге катышуу үчүн Кыргызстандан келгенин айтып берип жаткан адамдын видеосун таратышкан. Анын сөзү боюнча белгисиз адамдар митингге катышуусу үчүн ага 90.000 тенге сунушташкан.

Туугандарынын маалыматы боюнча кыргызстандык джаз музыканты Викрам Рузахунов Алматыга тез-тезден сапарга барып турган. Жакында ал концерттик программаны алып баруу үчүн Алматыга чакырылган.

Алматыга баруу үчүн билет 2021-жылдын 16-декабрында сатылып алынган жана Алматы шаарына 2-январь күнү 20:00 до учуп кеткен.

Аэропортко аны энеси Кундузхан Розахунова менен анын небереси Бишкекте ИПАМ компаниясында программист болуп иштеген Аскат Сериков коштоп барган. Алардын Казахстанда эч кандай туугандары жоктугун маалымдап, Алматыга концерттик программаларды жана музыкалык фестивалдарга катышууга гана барып жүргөндүгүн билдиришкен.

Азыркы учурда, Ички иштер министрлиги тарабынан аталган жарандын кармалышы боюнча жагдайларын тактоого тиешелүү чаралар жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле, биздин өлкөгө чыгып жана кетип жаткан жарандардын баары Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан толук көзөмөлдөнүп жатат.

Кырнет: кыргызстандык музыкантка Казакстандын күч органдары жалаа жабууда

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM