Connect with us

БШК: Бир мандаттуу шайлоо боюнча талапкерлерден арыз түшүү токтой элек

Кыска кабар | 8 Янв 2022 | 255 | 0

Биринчи Май жана Свердлов округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуу үчүн талапкерлерден билдирүүлөрдү кабыл алуу уланууда. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жалпысынан шайлоо комиссиясына 20 арыз түшкөн. Алардын ичинде Элвира Сурабалдиева, Нурбек Токтакунов, Шадыкан Жакыпбеков, Анвар Сартаев, Рысбай Аматов, Русланбек Акылбеков, Адылбек Гапаров, Рыскелди Момбеков бар.

Белгилей кетсек, БШК талапкерлерди 7-февралга чейин катташы керек. Үгүт иштери 7-февралда башталып, 26-февралда саат 8:00дө аяктайт. Бир мандаттуу эки: Биринчи Май жана Свердлов округдарында кайра шайлоо 27-февралда өтөт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM