Connect with us

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирустан эки адам каза болду

Кыска кабар | 8 Янв 2022 | 267 | 0

Кыргызстанда бир суткада эки адам коронавирустан каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Бишкекте бир, Чүй облусунда бир адам COVID-19 дан улам каза болду. Бейтаптар эмдөөдөн өткөн эмес.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери ооруну жуктургандар 185 484ге жетти. Анын ичинен 180 166 киши сакайды. Жалпы 2816 бейтап оорудан көз жумду.

Учурда стационарда 324, үйдө 692 адам дарыланып жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM