Бүгүн, 5-январда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өтөт.
Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы кабарлады.
Салтанаттуу иш-чараны КТРК, республикалык жана облустук телеканалдар түз көрсөтөт.
Түз эфир башталышы: 15:50