Биз менен байланышыңыз

Чек ара кызматы: Кыргыз-казак чегиндеги абал көзөмөлдө

Кыска кабар | 5 Янв 2022 | 236 | 0

Кыргызстандын Чек ара кызматы коңшу Казакстандагы кырдаалга көз салууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.

30-декабрдан тарта жаңы жылды майрамдоого байланыштуу Чек ара кызматынын бөлүмдөрү, кыргыз-казак тилкесинде жайгаштырылган бөлүмдөр күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.

«Кырдаал курчуган учурда Ички иштер министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана башка мамлекеттик органдар менен биргеликте тиешелүү чаралар көрүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Кыргыз-казак өткөрмө пункттарынан оор жүк ташуучу унаалар мурдагыдай эле режимде өтүп жатат.

Ушул күндөрү Казакстандын айрым облустарында газдын баасынын кескин кымбаттоосуна байланыштуу элдик толкундоолор күчөп жатат.

2-январда Казакстандын Мангистау облусунда жергилктүү тургундар газдын кымбатташына каршы акцияга чыгышкан. Алар суюлтулган газдын бир литри кескин түрдө 60 теңгеден 120 теңгеге чейин кымбаттаганын, аны арзандатууну талап кылышкан.

Нааразычылык акциясы Казакстандын бир катар облустарын камтып, милиция демонстранттарга каршы күч колдонгону кабарланган.

Бүгүн, 5-январда Казакстандын өкмөтү отставкага кеткени кабарланып, тийиштүү токтомго өлкө президенти Касым Жомарт Токаев кол койгон.

Алматы шаарында 19-январга чейин өзгөчө абал киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM