Connect with us

Жыл башынан бери 107 коррупциялык иш аныкталган

Кыска кабар | 31 Дек 2021 | 246 | 0

Криминалдык милициянын кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы күрөшүү бөлүмү тарабынан 107 экономикалык жана коррупциялык кылмыш аныкталган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын ичинен 25 материал сотко жөнөтүлүп, 90дон ашуун иш тергелип жатат.

Ошондой эле 14 жаран камалып, 21 жаранга кылмышка шектүү катары эскертүүлөр берилген.

Бардыгы болуп мамлекетке келтирилген зыян 1 миллиард 250 миллион сом деп бааланууда.

Бүгүнкү күндө анын 60 миллион сому кайтарылды. Ал эми 570 миллион сом суммасындагы каражат камакка алынды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM