«Манас» эл аралык аэропортунда аба ырайы жакшырып, туман тарап, каттамдар жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу аба майдандын маалымат кызматынан кабарлашты.
17-декабрда аэропортто коюу тумандан улам каттамдардын конушу жана учуусу кармалган.
Алматыдагы кошумча аэродромго 3 учак конду – Стамбулдан «Түрк аба жолдору», Дубайдан «Флай Дубай» жана Москвадан «Аэрофлот».
Ошондой эле, «АвиаТраффик» компаниясынын учагы Оштогу кошумча аэродромго конгон. «Эйр Астана» авиакомпаниясынын Нур-Султан жана Алматыдан уча турган каттамдары да кармалып жаткан.
Аба каттамдары боюнча маалымат алуу үчүн төмөнкү номерлерге байланышсаңыздар болот:
«Манас» — 0 312 693109.
«Ош» — 0 3222 90101.