Бул күн дүйнө жүзү боюнча «Теңсиздикти жоюу, СПИДди токтотуу, пандемияларды токтотуу» урааны менен белгиленүүдө.
Кыргызстанда ВИЧ илдетине кабылган адамдардын көпчүлүгү юридикалык жактан колдоого муктаж аялуу катмарга кирет. Айрыкча алардын укуктары жакындары, коом тарабынан тебеленген жагдайлар да көп. Мындай пикирин МКЮЖнын (мамлекет кепилдеген юридикалык жардам борбору) Координациялык кеңешинин катчылыгынын мүчөсү Нурбүбү Керимова айтат.
Ал белгилегендей, ВИЧ илдетине кабылгандар арасында эң көп аялдардын укугу тебеленип, басмырлоого алынат.
«Жакында эле бизге өлкөнүн чакан шаарларынын биринде жашаган эки балалуу келин кайрылды. Ага ВИЧ илдетин күйөөсү жуктурган. Бирок жолдошу келиндин өзүн күнөөлөп, эки кызы менен үйдөн чыгарып жиберген. Учурда ал келинди биз менен кызматташкан бейөкмөт уюмдардын бири «АнтиСПИД» ассоциациясы Бишкекке алып келип жайгаштырды. Биз ага өз укугун коргоо боюнча юридикалык көмөк көрсөтүп, жолдорун түшүндүрдүк. Күйөөсү аны менен ажырашууда мүлктөрүн да бөлүшкөн эмес. Эми ал эки кызынын жана өзүнүн укугун коргоого аракет кылмакчы».
Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун чечими менен ВИЧ-СПИД, жүрөк-кан тамыр жана кант диабети бир категорияда каралган. Булар хроникалык оорулардын тобуна кирет. Мурункудай социалдык жактан кооптуу оорулардын түрүнө кирбейт. Тилекке каршы, кыргыз коомчулугунда бул илдетти негативдүү кабыл алып, ВИЧ статусу барлар эң алгач үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан басмырланып баштайт.
ВИЧ илдетине кабылган жарандын статусу жабык маалымат катары сакталышы керек. Аны өзүнүн уруксаты жок жарыялап салуу, укугун тепселөө болуп саналат. «АнтиСПИД» ассоциациясынын аткаруучу директору Чинара Бакированын айтымында, ВИЧке чалдыккандардын укугу эң көп бузулган жагдайлар:
— Жакындары алардын статусу тууралуу коомчулукка жайып, жектей баштайт;
— Алар башка оору боюнча дарыгерге кайрылганда, дарыгерлердин анонимдүүлүктү сактабоосу;
— Укук коргоо органдарынын кзыматкерлери тарабынан маалыматтардын бекем сакталбашы.
«ВИЧ бул кандагы инфекция. Ал ар кандай жол менен жугат. Бизде ВИЧ десе эле сөзсүз наркотик колдонгон же сойкулук сыяктуу иштерге барган деген түшүнүк сиңип калган. Андай эмес, ар кайсы жагдайда: кан куйганда, ооруканада жугушу мүмкүн. Ата-энесинен баласына өтүүсү мүмкүн. ВИЧ статусу барлардын бир эле айырмасы, болгону күнүнө бир дары ичет. Өзү катталган дарыгерге маал-маалы менен барып кеңеш алып турса, анын коомго эч кандай коркунучу жок», — деп кошумчалайт Чынара Бакирова.
«АнтиСПИД» ассоциациясы Кыргызстанда 2003-жылдан бери ВИЧ илдетине кабылгандар менен иштеп келе жаткан бейөкмөт уюм. Жыл сайын 10 миңден ашык жаранга консультация берип, оору менен күрөшүүдө багыт көрсөтүп келет. Башында жалаң илдетке чалдыккандар менен түз иштешсе, азыркы тапта коомчулук арасында ВИЧ илдети тууралуу маалыматтарды туура түшүндүрүү үчүн АДКлар (Айылдык ден соолук комитети) менен да иш алып барат. Мындан сырткары «АнтиСПИД» ассоциациясы абалы оор жарандарга дары-дармектерди даректүү жеткирүүнү да колго алган. Ошондой эле 70ке чукул башка бейөкмөт уюмдар менен да кызматташып, ВИЧ илдети менен күрөшүүдө чоң көмөкчү болуп келет.
Эгерде сиз акысыз юридикалык жардамга муктаж болуп жатсаңыз, Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунa кайрылсаңыз болот. Сизге акысыз юридикалык кеңеш алуу, мамлекеттин эсебинен адвокат жалдоо боюнча толук маалымат берилет. Даректери бул шилтемеде: http://ukuk-jardam.gov.kg/ky/p/legal-aid/where-to-get
Ошондой эле Кыргызстан боюнча 31 Акысыз юридикалык жардам борбору иштейт. Алардын даректерин, байланыш номерлерин http://ukuk-jardam.gov.kg/ky/p/legal-assistance/where-to-get сайтынан тапсаңыздар болот.