Чет өлкөлөрдө ачылган 59 шайлоо тилкесинин 13ү жабылды. Мындай маалыматты шайлоонун жүрүшү боюнча брифингде Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров билдирди.
Алар:
- Түштүк Сахалин шаарындагы шайлоо тилкеси;
- Владивосток шаарындагы шайлоо тилкеси;
- Хабаровск шаарындагы шайлоо тилкеси;
- Якутия өлкөсүндөгү шайлоо тилкеси;
- Иркутск шаарындагы шайлоо тилкеси;
- Красноярск шаарындагы шайлоо тилкеси;
- Новосибирск шаарындагы шайлоо тилкеси;
- Томск шаарындагы шайлоо тилкеси;
- Пекин шаарындагы шайлоо тилкеси;
- Гуанчжоу шаарындагы шайлоо тилкеси;
- Малайзиядагы шайлоо тилкеси;
- Сеул шаарындагы шайлоо тилкеси;
- Токио шаарындагы шайлоо тилкеси.
Учурда бул тилкелер өз ишин аяктап, шайлоо жыйынтыктарын чыгарып жатат.
Жергиликтүү убакытка байланыштуу АКШдагы шайлоо тилкелери ишин жаңы баштады. Алар 29-ноябрда Бишкек убактысы боюнча таңкы 8де эшигин жабат.