Биз менен байланышыңыз

ТИМ: Чет өлкөдө ачылган 59 тилкенин 13ү жабылды

Кыска кабар | 28 Ноя 2021 | 421 | 0

Чет өлкөлөрдө ачылган 59 шайлоо тилкесинин 13ү жабылды. Мындай маалыматты шайлоонун жүрүшү боюнча брифингде Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров  билдирди.

Алар:

  1. Түштүк Сахалин шаарындагы шайлоо тилкеси;
  2. Владивосток шаарындагы шайлоо тилкеси;
  3. Хабаровск шаарындагы шайлоо тилкеси;
  4. Якутия өлкөсүндөгү шайлоо тилкеси;
  5. Иркутск шаарындагы шайлоо тилкеси;
  6. Красноярск шаарындагы шайлоо тилкеси;
  7. Новосибирск шаарындагы шайлоо тилкеси;
  8. Томск шаарындагы шайлоо тилкеси;
  9. Пекин шаарындагы шайлоо тилкеси;
  10. Гуанчжоу шаарындагы шайлоо тилкеси;
  11. Малайзиядагы шайлоо тилкеси;
  12. Сеул шаарындагы шайлоо тилкеси;
  13. Токио шаарындагы шайлоо тилкеси.

Учурда бул тилкелер өз ишин аяктап, шайлоо жыйынтыктарын чыгарып жатат.

Жергиликтүү убакытка байланыштуу АКШдагы шайлоо тилкелери ишин жаңы баштады. Алар 29-ноябрда Бишкек убактысы боюнча таңкы 8де эшигин жабат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM