Биз менен байланышыңыз

Саат 8:00гө карата чет өлкөдөгү 200дөй кыргызстандык добуш берди

Кыска кабар | 28 Ноя 2021 | 256 | 0

Бишкек убактысы боюнча саат 8:00гө карата чет өлкөдөгү 201 кыргызстандык добуш берди. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров 28-ноябрда брифингде кабарлады.

Анын айтымында, Американын Чикаго шаарындагы шайлоо участогу акыркы болуп добуш берет. Анда 29-ноябрда эртең мененки саат 8де ачылат.

Жогорку Кеңештин депутаттарын добуш берүү алгач Южно-Сахалинск шаарында таңкы саат үчтө башталды.

Саат 08:30да Орусия, Жапония, Корея, Кытай, Малайзия, Казакстан жана Индияда 16 шайлоо участкасы иштеп жатат.

Саат 9да Тюменде, Түркмөнстанда, Тажикстанда, Өзбекстанда жана Пакистанда добуш берүү башталары күтүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM