Бишкек убактысы боюнча саат 8:00гө карата чет өлкөдөгү 201 кыргызстандык добуш берди. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров 28-ноябрда брифингде кабарлады.
Анын айтымында, Американын Чикаго шаарындагы шайлоо участогу акыркы болуп добуш берет. Анда 29-ноябрда эртең мененки саат 8де ачылат.
Жогорку Кеңештин депутаттарын добуш берүү алгач Южно-Сахалинск шаарында таңкы саат үчтө башталды.
Саат 08:30да Орусия, Жапония, Корея, Кытай, Малайзия, Казакстан жана Индияда 16 шайлоо участкасы иштеп жатат.
Саат 9да Тюменде, Түркмөнстанда, Тажикстанда, Өзбекстанда жана Пакистанда добуш берүү башталары күтүлүүдө.