Кыргызстанда 13-ноябрга карата дагы 70 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинде Бишкек шаарында – 24, Чүй облусунда – 19, Ош облусунда – 11, Талас облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 9, Баткен облусунда – 5 адамдан илдет жаңы табылган.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 182 миң 267 адам коронавирус жуктурган.
Ал эми бир суткада 3 бейтап каза болуп, жалпы өлүм учурлары 2 миң 702 адамга жетти.
Бир суткада 106 адам илдеттен сакайып чыгып, жалпы айыккандар 176 миң 721 киши.
Бүгүнкү күндө ооруканаларда 554 бейтап, амбулатордук түрдө 762 адам дарыланууда.