Чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү Тажикстан жарандарынын Кыргызстандын аймагына кирүү тартибин түшүндүрдү.
Маалым болгондой, этникалык кыргыздар, Тажикстанда туулган Кыргызстан жарандарынын балдары, тажик студенттери жана Кыргызстанда иштеген окутуучу-мугалимдери өлкөгө кире алат.
Тактай кетсек, Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, «Кулунду унаа жолу», «Кайрагач унаа жолу», «Кызыл-Бел унаа жолу», «Бор-Дөбө унаа жолу», «Карамык унаа жолу» бекеттеринен товар ташыган унаалардын жана адамдардын өтүүсүнө чек коюлгандыктан, төмөнкү учурларда гана өтүүгө уруксат берилет:
- өлкөгө кайтып келе жаткан Кыргызстандын жарандары;
- Кыргызстандын жана Тажикстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана кеңсеси Кыргызстанда жайгашкан эл аралык уюмдардын кызматкерлери, алардын үй-бүлөсү;
- чет элдик жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү. Бул эки топтогу адамдар кирип келатканда Тышкы иштер министрлигине кабарлама жибериши керек;
- кирүүсүнө Кыргызстандын мыйзамдары уруксат берген этникалык кыргыздар;
- Токтогул ГЭСинде иштеген Тажикстандын жарандары. Булар Энергетика министрлигинен уруксат алышы керек;
- Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде иштеген же окуган тажик жарандары. Булар Билим берүү жана илим министрлигинин көрсөтмөсү менен кире алышат;
- Кыргызстан жарандарынын Тажикстанда туулган балдары.
Айта кетсек, бул топко кирген адамдар Кыргызстанга жогоруда белгиленген өткөрмө бекеттер аркылуу гана кире алышат. Кыргызстандын аймагына үчүнчү өлкөлөр аркылуу өтүүгө уруксат берилбейт.