Connect with us

Нур-Султан — Бишкек аба каттамдары кайра жанданат

Кыска кабар | 3 Ноя 2021 | 211 | 0

2020-жылдын март айынан бери токтоп турган Нур-Султан — Бишкек аба каттамдары кайра жандана турган болду. Бул тууралуу «Хабар-24» маалымат агенттиги жазды. 

Бул чечим Казакстандын COVID-19 боюнча мекемелер аралык комиссиясынын отурумунда кабыл алынган. Тактап айтканда, отурумда алар коронавирус пандемиясынан улам убактылуу токтоп турган Нур-Султан — Бишкек аба каттамын кайра жандантуу маселесин көтөргөн.

Жыйынтыгында «Эйр Астана» авиакомпаниясы жакын арада эки өлкө ортосунда каттамдарын кайрадан баштай турганы белгилүү болгон. Каттамдар санитардык-эпидемиологиялык шарттарды толук сактоо менен компаниянын сайтына жарыяланган графикке ылайык жүргүзөт. Өлкөлөр аралык каттамды  E190-E2 жана A – 320 учактары ишке ашырат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM