Connect with us

Казакбаев Түркиянын тышкы иштер министри менен жолугушту

Кыска кабар | 23 Сен 2021 | 253 | 0

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушуу БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын алкагында Түркиянын Нью-Йоркто жаңы ачылган «Түрк борборунда» өткөн.

Министрлер эки өлкөнүн алакасын, кызматташуу багыттарын такуулаган. Ошондой эле Түркиядагы кыргызстандыктардын абалы тууралуу сүйлөшүшкөн.

Аны менен бирге Ооганстандагы кырдаал боюнча сөз болуп, Түрк кеңешинин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин Ооганстан боюнча күн тартиби талкуланган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM