Connect with us

Масалиев Нарматованын кармалышы боюнча Жапаров менен Ташиевди сындады

Кыска кабар | 10 Сен 2021 | 1715 | 0

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматованын кармалышы боюнча «Фейсбукка» пикирин жазып, бийликти сынга алды.

Ал убагында Орозайым Нарматова Садыр Жапаровдун тарапташы болуп, ал камакта отурганда коё берилишин талап кылып келгенин эскертип өткөн.

Масалиев президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылды.

«Катуу кеттиңер, жигиттер, жакшылыкка алып келбейт мындай иштериңер. Бийлик түбөлүккө берилбейт, эртең да күн болот. Башынан ээрге кыйшык отурдуңар. Токтото албасаңар ээлеген кызматыңарды бошоткула. Эл чыкканда кеч болот… Орозайым Нарматова, Жеңиш Молдокматов жана башка ушуга окшогон иштер менен камакта отурган мыкты уул-кыздарыбыз бошотулушу керек», — деп жазган ал.

Эскерте кетсек, Орозайым Нарматова бүгүн, 10-сентябрда Оштогу аэропорттон кармалган. ИИМ бул боюнча түшүндүрмө берип, активист кыз бийликти негизсиз сындап жүргөнү үчүн кармалганын билдирген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси (расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутуу) менен иш козголгон.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM