Кыргызстанда 7-9-сентябрда Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин аскердик машыгуулары өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Коргоо министрлигинен билдиришти.
«Чек-2021» аталышындагы машыуулар «Эдельвейс» полигонунда өтөт. Ага Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Орусиянын аскерлери, ЖККУнун бириккен штабынын жана катчылыгынын ыкчам топтору катышат.
Бүгүн, 5-сентябрда аталган машыууларга катышуу үчүн Казакстандын аскерлери келген.
Казакстандын аскер техникасы
Казакстандын аскер техникасы
Казакстандын аскерлерин тосуп алуу иш-чарасы
Казакстандын аскерлерин тосуп алуу иш-чарасы