Кыргызстандык эки тасма Орусиянын Анапа шаарында өтүүчү «Киношок» кинофестивалына катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематография департаментинен билдиришти.
Кыргызстандан кинофестивалдын сынактык программасына «Акыркы көч» жана «Көл» тасмалары тандалып алынган.
Кинофестиваль 25-сентябрдан 2-октябрга чейин болуп өтөт.
«Көл» тасмасынын режисёру — Эмил Атагельдиев. Ал эми «Акыркы көч» тасмасын режиссёрлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу тарткан.