Биз менен байланышыңыз

Президент: 17 млрд сомдук Стабилизациялык фонду түзүлөт

Кыска кабар | 31 Авг 2021 | 1108 | 0

Чакан жана орто ишканаларга финансылык көмөк көрсөтүү үчүн 6 млрд сом бөлүштүрүлөт. Андан сырткары чакан жана орто бизнестерге коммерциялык банктардын насыя берүүсүнө шарт түзүү үчүн 24 млн долларлык кепилдик фонду түзүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров эгемендиктин 30 жылдыгына карата өткөн майрамдык салтанатта сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Ошондой эле президент болочок муундун жаркын келечегине эмитен кам көрүү максатында Стабилизациялык фонд түзүүгө даярдыктар журүп жатканын айтты. Ал фондго эң аз дегенде 17 миллиард сом каражатты топтолот.

Мындан тышкары, көмүскө экономикадан чыгуу максатында кичи жана орточо бизнеске мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөндөйт. Маселен, 15 жумушчу орунун түзгөн ишкерлердин камсыздандыруу төгүмү 17 %дан 4 %га төмөндөтүлөт.  Азыркы учурда тиешелүү жарлыктар жана Министрлер Кабинетинин чечимдери даярдалууда.

Салык жаатында чоң өзгөрүүлөр ишке ашырылат. Жаңы жылдан тартып салыктын азыркы түрлөрүн төлөө менен катар, салыкты бир эле жолу, бир эле түрүн төлөө мүмкүнчүлүгү берилет.

Copyright © 2017 Maral FM