Connect with us

Ок аткан милиционер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди

Кыска кабар | 28 Авг 2021 | 3482 | 0

32 жаштагы тартип бузуучуну аткан милиционер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жакынкы видеокамералардан жазуулар алынган. Ага каза тапкан жарандын инспектордун тапанчасын алууга аракет жасабаганы түшүп калган.

«Жакынкы видеокамералардан жазуулар алынып, тергөө материалдарына кошулду. Алар Бишкектин Свердлов районунун прокуратурасына, андан кийин иликтенип жаткан УКМКнын бөлүмүнө жөнөтүлгөн. Прокуратура бул фактыны Кылмыш-жаза кодексинин «кызматынан аша чабуу» беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган. Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, кечээ, 27-августта саат 21:30дарда Жибек Жолу менен Гоголь көчөсүнүн кесилишинде, Имам Сарахси атындагы мечиттин жанынан Кайгуул кызматтын инспекторунун табелдик тапанчасынан ок атылып, 32 жаштагы адам каза болгон.

Белгилей кетсек, мечиттин батыш тарабындагы унаа жүрүүчү бөлүгүндө окуя болгон жерди кароодо асфальттан картридж кутусу, кара күрөң түстөгү заттын издери (кан болушу мүмкүн) жана кара күрөң түстөгү тампон табылган.

Миллиционердин огунан каза болгон жарандын өлүмү иликтенүүдө

 

 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM