Connect with us

COVID-19: 215 адамдын илдет жугузганы аныкталып, 6 адам каза тапты

Кыска кабар | 28 Авг 2021 | 220 | 0

28-августка карата 215 адамдын коронавируска чалдыкканы аныкталды. Алардын 66сы Бишкек шаарынан, экөө Ош шаарынан, 53ү Чүй облусунан, үчөө Ош облусунан, 14ү Талас облусунан, төртөө Нарын облусунан, 38и Ысык-Көл облусунан, 22си Жалал-Абад облусунан, 13ү Баткен облусунан катталган.

Ошол эле учурда бир сутка ичинде 371 бейтап оорудан айыгып чыкты.

Ал эми акыркы күндө 6 бейтап COVID-19дан көз жумду.

Учурда 1 169 бейтап стационарларда, 1 333 бейтап амбулатордук шартта дарыланып жатат.

Өлкө боюнча пандемия башталгандан бери 175 миң 224 адам коронавируска чалдыккан. Анын ичинен 168 миң 769 бейтап сакайып чыкса, 2 миң 513 адам каза болгон.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM