Connect with us

Лейлекте «Раззаков» көмөк чордону ишке киргизилди

Кыска кабар | 27 Авг 2021 | 662 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-августта Баткен облусунун Лейлек районунда «Раззаков» жаңы электр чордонун ишке киргизди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле ал «Раззаков-Арка» жаңы электр линияларынын тартылып бүтүшүнө жана «Арка» электр чордонунун оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүшүнө байланыштуу өткөн иш-чарага катышты.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күнү «Баткен облусунун Арка массивин электр энергия менен камсыздоону жакшыртуу» долбоорунун алкагында 110 кВ «Раззаков-Арка» жаңы электр линиялары 51 чакырым аралыкта тартылып,   110/35/10 кВ «Раззаков» атындагы жаңы электр чордону курулду жана 110/35/6  кВ «Арка» чордонун реконструкциялоо иши аяктады.

Copyright © 2017 Maral FM