Connect with us

Ысык-Көлдө сууга чөккөн адамды куткаруу боюнча окуу өттү

Кыска кабар | 27 Авг 2021 | 354 | 0

Ысык-Көлдө сууга чөккөн адамды куткаруу боюнча окуу өттү.

Ысык-Көлдүн тескей жээгинде өткөн окууну «Боордош шаарлар» социалдык инвестициялар программасынын алкагында ишке ашырылып жаткан «+100 к жизни» долбоору уюштурган.

Окууга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тартылып, аларга сууга чөгүп бараткан адамды куткаруу, алгачкы жардамды жасоо жолдорун көрсөтүп беришкен.

Белгилей кетсек, «+100 к жизни» долбоору 2017-жылдан бери «Боордош шаарлар» социалдык инвестициялар программасынын алкагында ишке ашырылып келет. Ал убактан бери алар миңден ашык адамга биринчи жардам көрсөтүүнү үйрөткөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 25-августка карата Кыргызстанда 109 адам сууга чөгүп кеткен. Алардын 16сы Ысык-Көлгө чөккөн.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM