«Унаа» ишканасы унааны, жабдууларды каттоо жана кайра каттоодо аларды сүрөткө тартып ала баштайт. Бул тууралуу Санариптик өнүгүү министрлигинен билдиришти.
Тартылып алынган сүрөттөр менен кароо актысы электрондук маалымат базасына киргизилет.
«Жаңы жол-жоболорго ылайык, системага сүрөттөрдөн жана кароо протоколунан тышкары кузовдун (шасси/рама) номерлери, унаанын жайгашкан жеринин дареги жана текшерүүнүн датасы киргизилет. Автоунааларды милдеттүү түрдө сүрөткө тартуу каттоо же кайра каттоо иштеринде транспорт каражатын кароодон өткөрбөстөн каттоо учурларын жокко чыгарууга мүмкүндүк берет», — деп билдирет министрлик.