Connect with us

Кыргызстан жарым жылда Японияга 25,2 тонна бал сатты

Кыска кабар | 24 Авг 2021 | 424 | 0

Кыргызстандын Япониядагы элчиси Мирлан Арстанбаев «Като Бихоен» компаниясынын директору менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Элчи аталган компаниянын Токионун Асакуса районундагы эски соода көчөсүндө жайгашкан дүкөнүнө барган. Жолугушууда «Като Бихоендун» директору Като Дзютаро компаниянын иши тууралуу айтып берген.

Анын айтымында, кыргыз балы кымбат болгонуна карабастан Япониянын жарандары арасында белгилүү боло баштады. Мындан улам алар кыргызстандык балчылар менен кызматташтыкты чыңдоону көздөп жатат.

Кыргызстандын балы Японияга жылдан-жылга көп экспорттолууда. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, быйыл жарым жылда эле 25,2 тонна бал экспорттолгон. Ал эми былтыр Японияга 15,7 тонна, 2019-жылы 13,4 тонна бал сатылган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM