Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-августта Орусия тараптын демилгеси менен өткөн Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) коопсуздук кеңешинин видеоконференция форматындагы кезексиз отурумуна катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Отурумга Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев конок катары катышты.
Анда Ооганстандагы кырдаал жана анын ЖККУга мүчө-мамлекеттердин коопсуздугуна тийгизген таасири талкууланган.
Отурумда Жапаров кырдаалдын терс жакка өөрчүп кетпеши, коопсуздук чакырыктарына жана коркунучтарга өз убагында жооп кайтаруу үчүн биргелешип аракет кылуу, өз ара кызматташууну тереңдетүү зарыл экенин белгиледи.