Биз менен байланышыңыз

Мээрим Жуманазарова III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды

Кыска кабар , Спорт | 23 Авг 2021 | 703 | 0

Токиодогу Олимпиада оюндарында коло байге уткан балбан кыз Мээрим Жуманазарова III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды.

Бүгүн, 23-августта «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Олимпиада оюндарында байге алган спортчуларга жана алардын машыктыруучуларына мамлекеттик жана акчалай сыйлыктарды тапшыруу аземи өтүп жатат.

Жуманазаровага 7 млн сом акчалай сыйлык берилип, унаа белек кылынды.

«Кыргызстандын спортунун эл аралык аренада кичине да болсо алдыга жылышына салым кошуп жатканыма абдан кубанычтамын. Кыргыз элиме, күйөрмандарыма ырахмат айткым келет. Кыргыз элимдин ынтымагы, намыскөйлүгү, улуулугу бизди талыкпай эмгектенүүгө шыктандырат. Жалпыңыздарды Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгы менен куттуктайм», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM