Connect with us

Салык кызматы турак жай, унаа жана жер салыгын төлөө керектигин эскертет

Кыска кабар | 18 Авг 2021 | 282 | 0

Салык кызматы жарандарга 1-сентябрга чейин унаа салыгын жана 2-сентябрга чейин турак жай менен жер салыгын төлөө керектигин эскертет.

Салык кызматы салыкты төлөөгө дагы эки жума калганын белгилеп, аны акыркы учурга калтырбоого чакырат.

Салыкты банк, почта бөлүмдөрү, төлөм терминалдары, мобилдик жана интернет банкинг аркылуу төлөөгө болот.

Убагында төлөнбөгөн салык үчүн жарандарга 1 миң сом, юридикалык жактарга 5 миң сом айып салынат.

Толук маалыматты 116 номери, www.sti.gov.kg сайты аркылуу жана жергиликтүү салык органдарынан алууга болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM