Connect with us

Депутаттар талаш жараткан «фейктер» тууралуу мыйзамды колдоду (тизмеси)

Кыска кабар | 28 Июл 2021 | 765 | 0

Парламенттин бүгүнкү, 28-июлдагы жыйынында депутаттар талаш жараткан «Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамга кайра добуш берип, колдоп берди.

Депутат Дастан Бекешев аталган мыйзамды кайра добуш берүүгө киргизүү менен парламенттин регламенти бузулуп жатканын айтып чыкты.

«Урматтуу депутаттар, мен түшүнүп турам, президент бул боюнча сөз айтты. Бирок парламенттин регламенти бузулуп жатат», — деп, ал: «Бул мыйзамды жаңы шайланып келген депутаттар карасын», — деген сунушун берди.

Ошол эле учурда мыйзамдын демилгечилери регламент бузулбаганын билдиришти.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында 97 депутат макул, 5 эл өкүлү каршы добуш берди.

Белгилей кетсек, аталган мыйзам «Маалыматтарды манипуляциялоо жөнүндө» деген ат менен былтыр парламент тарабынан үч окуудан өтүп, президенттин кол коюусуна жөнөтүлгөн. Бирок коомчулук катуу каршылыгын билдиргенден кийин президент мыйзамга кол койбой, толуктап иштеп чыгуу үчүн артка кайтарган.

Быйыл июнь айынын аягында депутаттар «Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамды кабыл албай койгон болчу. Регламентке ылайык мыйзам долбоору четке кагылгандан кийин алты айдан кийин каралышы керек.

Мыйзамга добуш берүүнүн жыйынтыгы:

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM