Connect with us

Кудайбергенов: Бишкектеги 22 отказан газга өткөрүлдү

Кыска кабар | 27 Июл 2021 | 256 | 0

«Бишкек жылуулук энерго» коммуналдык ишканасынын 22 отказаны газга которулду. Бул тууралуу Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов маалымат жыйында кабарлады.

Ал эми «Орто-Сай» жана «Ротор» отказандарына Күн коллекторлору орнотулган.

Башка отказандарды да газ менен жылытууга өткөрүү үчүн «Гапром» компаниясы менен келишим бар.

Мындан тышкары Бишкектин четиндеги 20 жаңы конушка газ кирген. Кымбат болгонуна байланыштуу алар кышкысын үйлөрүн газ менен жылытуудан баш тартышып, арзан баадагы көмүр жагып келишет.

Кудайбергеновдун айтымында, жылытуу мезгилине 47 отказан даяр, калган 19 отказан 1-октябрга чейин даяр болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM